Радио

Борбор Азиянын онкологдор ассоциациясын түзүү сунушталды

Кыргыз-Россия Славян университетинин онкология жана нур терапиясы кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору, онколог, маммолог Кыял Макиева Борбор Азияда эмчектин залалдуу шишик оорусу биринчи орунда турарын айтты.
Sputnik
Борбор Азиянын онкологдор ассоциациясын түзүү сунушталды. Демилгени өзбекстандык онколог, маммологдор көтөрүп, Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Кыял Макиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, онкологдор ассоциациясын түзүү аркылуу коңшу өлкөлөр тажрыйба алмашуу, жаңы ыкмаларды колдонуу, көмөктөшүү сыяктуу иштерди илгерилете алат.
"Эмчектин залалдуу шишик оорусу Борбор Азияда биринчи орунда турат. Бүгүнкү күндө бул илдет дүйнө жүзү боюнча эң оор көйгөй бойдон калууда. Алсак, эмчек рагы Өзбекстанда 100 миң адамга 12,2 миң киши, Кыргызстанда 13 миңди түзөт. Көкүрөк рагын жеңүү үчүн учурда өлкөдө технологиянын бардык түрү колдонулат. Кыргызстандык адистердин тажрыйбасы абдан жогорку деңгээлде бааланып, татаал операцияларды да жасашат. Мындан тышкары, ташкенттик илимдин докторлору, прфессорлор, маммолог, онкологдор келип, Борбор Азиянын онкологдор уюмун түзүү сунушун айтышты. Орто Азия өлкөлөрү өз багыттары менен иштеп келишет. Онкологдор ассоциациясын түзүү аркылуу коңшу өлкөлөр тажрыйба алмашуу, жаңы ыкмаларды колдонуу, көмөктөшүү сыяктуу иштерди илгерилете алат", — деди Макиева.
Ошондой эле профессор учурда Кыргызстанда маммолог адистигин алууну каалаган жаштар көп экендигин кошумчалады.