Майрамдык шаң! Бишкектин 145 жылдыгына арналган ири концерттен ирмемдер

"Ала-Тоо" аянтында борбор калаанын 145 жылдыгына арналган майрамдык концерт тартууланды. Көңүл көтөргөн ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Sputnik
29-апрелде Бишкек шаарына 145 жыл толду. Калаа күнүнө карата мэрия шаар тургундары менен меймандары үчүн майрамдык программа даярдаган. Бул күндүн урматына жалпы шаар боюнча көңүл ачуучу жана спорттук иш-чаралар уюштурулган.
1 / 13

"Ата-Тоо" аянтына бүгүн Бишкектин миңдеген тургуну чогулду

2 / 13

Эстрада жылдыздарынын концерти жашка да, карыга да жагымдуу маанай тартуулады

3 / 13

Майрамга көрк кошкон бий ансамбли

4 / 13

Бишкектин түптөлгөн күнү деп уезддик башкармалык Токмоктон Пишпекке которулган 1878-жылдын 29-апрели эсептелинет

5 / 13

Аянтка чогулгандарды Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров куттуктады

6 / 13

Концерт саат 18.00дө башталып түн ортосуна чейин созулду

7 / 13

Элге өнөрүн бир катар чыгармачыл топтор, белгилүү ырчылар тартуулашты

8 / 13

Ал эми коопсуздукка укук коргоо органдарынын кызматкерлери көз салып турду

9 / 13

Кыргыз эстрадасынын жылдыздары чогулуп борбор калаанын гимнине айланган "Бишкегим" ырын ырдашты

10 / 13

Кыргызстандын желегин желбиреткен шаардыктар

11 / 13

Айтылуу ырчы Гүлнур Сатылганова ыр десте сунууда

12 / 13

Шаар күнү быйыл дем алышка туш келди

13 / 13

Бишкектин 145 жылдыгына арналган концертте ырдап жаткан Малика Дина