Акылбек Жапаров бомба тууралуу маалымат тараткандар боюнча жыйын өткөрдү

Билим берүү министрлиги анонимдүү билдирүүлөргө жооп берүү алгоритми боюнча инструкция иштеп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде жардыруучу зат коюлгандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандар боюнча жыйын өткөрдү. Ал видеоконференция режиминде өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаров жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуп, бир катар тапшырмаларды берген.
"Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Улан Үсөков өз баяндамасында министрлик тарабынан мындай анонимдүү билдирүүлөргө мамлекеттик органдардын реакциясынын алгоритми көрсөтүлгөн тескеме-инструкция иштелип чыкканын билдирди. Ошондой эле учурда укук коргоо органдарынын техникалык адистери мындай билдирүүлөрдү таратуунун алгоритмдеринин жана жооп берүү үлгүлөрүнүн схемасы сыналып жаткандыгы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Акыркы бир айдын ичинде Бишкектин мектептерине, жогорку окуу жайларына жана соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу ондогон жалган маалымат келип түшкөн. Бул кабарлардын бири дагы тастыкталган жок, кылмышкерлер азырынча кармала элек.
Депутат бомба тууралуу жалган маалымат бергендерге жазаны күчөтүүнү сунуштады