30-апрелге карата аба ырайы

Күндүн катуу ысышынан улам күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүп жана кар күрткү пайда болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 30-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Күндүн катуу ысышынан улам күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү жаралуусу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнө +14...+19 градуска жетет.
Борбор калаада өткүн өтүп күндүн табы +23...+25 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +27...+29 градус ысык болот.
Милиция май майрамдарында күчөтүлгөн тартипте иштейт