Путин ЖККУнун уставын өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун уставына түзөтүү киргизген мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалыматтар жарыяланган порталга жайгаштырылды.
Анда уюмдун катышуучулары биологиялык коопсуздук тармагында да өз ара иш алып барары айтылган.
"Аны менен катар эле уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими менен ЖККУнун башкы катчысынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу мүмкүнчүлүгү бекитилет", — деп айтылган негиздеме документте.
Шойгу: РФ Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларында аскердик даярдыкты күчөтүүдө