Жети-Өгүздөгү мөңгүгө "Король Абдулазиз" деген аталыш берүү сунушталды

Мөңгүнүн узундугу 4,9 чакырым, аянты 5,9 чарчы чакырым, деңиз деңгээлинен 3 740 метр бийиктикте жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде (Сары-Чат дарыясынын бассейнинде) жайгашкан аты жок мөңгүгө "Король Абдулазиз" деген аталыш ыйгаруу сунушталды.
Бул туурасында президент 30-январда жарлык чыгарган. Ал эми Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик демилгени Жогорку Кеңешке киргизди.
Максаты — Сауд Арабиянын негиздөөчүсү жана биринчи королу Абдулазиз бин Абдуррахман Аль Сауддун тарыхый ролун эске алуу менен элесин Кыргызстандын аймагында түбөлүккө калтыруу жана эки мамлекеттин кызматташтыгын бекемдөө.
Аталган мөңгүнүн узундугу 4,9 чакырым, аянты 5,9 чарчы чакырым, деңиз деңгээлинен 3 740 метр бийиктикте жайгашкан.
"Абдулазиз бин Абдуррахман Аль Сауддун башкаруу жылдарында эбегейсиз мунай кендери ачылып, анын аркасында Сауд Арабия Жакынкы Чыгыштагы эң бай өлкөгө айланган. Сауд Арабия араб өлкөлөрүнүн арасынан биринчи болуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн таанып, элчилигин ачкан. Ошондон бери эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер туруктуу өсүп, ар кандай тармактарда кызматташтык өнүгүп келе жатат", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Аны менен катар Сауд Арабия Кыргызстанга бир нече социалдык объектилерди курууга жана ири долбоорлорду ишке ашырууга жардам берип келе жатканы белгиленген.
Бишкектин Горький көчөсү БАЭнин туңгуч ажосунун атына өзгөртүлүшү мүмкүн