Май айында 200, 500 жана 1000 сомдук акчалар жаңы үлгүдө чыгарылат. Сүрөт

Деген менен мурдагы серияда чыгарылган банкноталарды колдонуу мыйзамдуу болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстанда улуттук валютанын жаңы үлгүдөгү бешинчи сериясы чыгарылат. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбаев маалымат жыйында билдирди.
Кыргызстанда улуттук валютанын жаңы үлгүдөгү бешинчи сериясы чыгарылат
Анын айтымында, мындай иштер улуттук валютанын 30 жылдык мааракесине карата жасалууда.
"10-майдан тарта 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноталар 2023-жылдагы үлгү менен чыгарылат. Бул банкноталар улуттук валютанын бешинчи сериясын ачат. Жаңылары учурдагы сериялардын запасынын азайышына жараша этап-этабы менен толукталып турат", — деди Куленбаев.
Жаңы үлгүнү чыгаруу баскыч менен жасалат:
биринчи этап — 200, 500 жана 1000 сомдук номиналдагы купюралар;
экинчиси — 20, 50 жана 100 сомдук номинал;
үчүнчүсү — 5 сомдук номинал.
Мындай иштер улуттук валютанын 30 жылдык мааракесине карата жасалууда
Купюралардын сүрөттөрү, түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калат. Жаңы сериядагысында дизайны жаңыртылып, коргоо механизминин эффективдүү комплекси коюлган.
Деген менен бардык банкноталарды чыгарылган жылына карабай колдонуу мыйзамдуу болуп саналат.
Улуттук банк коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды. Бааcы