Трамптын элдин көзүнчө Байденди туурап, аны шылдыңдаган видеосу

АКШда келерки жылы шайлоо өтүп жаткан учурда Байден 82де, ал эми Трам 78 жашта болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп азыркы мамлекет башчы Жозеф Байдендин адашканын, баскан-турганын, сүйлөгөнүн туурап, келеке кылган. Мындай видеону Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
Буга чейин Байден 2024-жылы боло турган президенттик шайлоого катышарын расмий жар салган. Ал эми Трамп мындай ниетин 2022-жылдын ноябрь айында эле билдирген.
"Эмне? Шайтан алгырдыкы, кайда баратам? Чыгып эле кетким келип жатат", — деп анын кыймыл-аракетин, басканын туураган Трампты публика кол чаап, каткырып коштогон.
АКШда келерки жылы шайлоо өтүп жаткан учурда Байден 82де, ал эми Трамп 78 жашта болот.
Эске салсак, Байден АКШнын эң улгайган президенти. Анын ыңгайсыздыкты жараткан же күлкүлүү кырдаалга кабылган учурлары акыркы мезгилдери арбыды. Байдендин атаандаштары мындай нерселердин себеби карылык жана ден соолугунун соо эместиги деп айтып келишет.
Байден Британиядагы сапарда Сунакты четтетип түртүп... Оңтойсуз абалдын видеосу