БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча маанилүү бир жагдай тууралуу айтты. Бул туурасында ал "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Мекенчил" фракцияларынын биргелешкен жыйынында маалымат берди.
Жүк таштоо пунктун Казарман аймагына куруу пландалууда (айыл Кыргызстандын ортосунда жайгашкан, Тогуз-Торо районуна карайт). Өкмөт башчынын айтымында, Казарманга чейин кууш темир жол (кытай колеясы) болот, андан кийин эндүү (кең) колея менен Өзбекстанга барып кошулат. Бул өлкө аймагындагы темир жолдун жарымы кытай стандарты менен, экинчи жарымы Кыргызстанда бекитилген россия стандартында куруларын түшүндүрөт.
Жапаров долбоор учурда кайсы стадияда экенин айтты:
17-19-майда президент Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат. Үч өлкөнүн (Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай) мамлекет башчылары долбоорду каржылоо моделин бекитип берет;
Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жасалып бүттү, азыр ар бир өлкө өзүнүн тилкесине адаптациядан өткөрүп жатат;
Долбоордун суммасы болжол менен 3-5 миллиард долларга жетет;
Кыргызстандын аймагынан эле 57 чакырым тоннель өтөт.