Путин мамлекетке чыккынчылык кылгандарды өмүр бою кескен мыйзамга кол койду

Буга чейин мындай кылмыш үчүн айыпкер 20 жылга камакка алынып, 500 миң рубль айып төлөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мамлекетке чыккынчылык кылгандар үчүн жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга чейин катаалдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги укуктук маалыматтар порталына жарыяланган документке таянып жазды.
Анда белгиленгендей, Кылмыш кодексинин "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" боюнча 275-беренесине өзгөртүүлөр кирди. Ага ылайык, тыңчылык, чет өлкөлүктөргө мамлекеттик сыр катылган маалыматтарды берүү, душман тарапка өтүү, Россияга каршы каржылык, материалдык-техникалык, кеңеш жана башка жардам көрсөткөндөр өмүр бою эркинен ажыратылат.
Буга чейин мындай кылмыштар үчүн айыпкер 20 жылга чейин камакка алынып, 500 миң рубль өлчөмүндө айып тагылган.
Мындан тышкары, Россия президенти диверсия жана террорчулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин катаалдантуу жарлыгына кол койду. Ал документке ылайык, эми диверсия уюштургандар 15 жылдын ордуна 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми эл аралык террорчулукту уюштургандар 12 жылга чейин камакка алынат, мурда 10 жыл эле.
Кылмыш кодексинин 205-беренеси ("Террордук акт") боюнча да жоопкерчилик татаалданды, мында жаза мөөнөтү 15 жылдан 20 жылга чейин узартылды. Террордук уюмдарга киргендер эми беш жылдан он жылга чейин эмес, 10 жылдан 15 жылга чейин камалат. Ошондой эле террордук иш-аракеттерге көмөктөшкөндөрдүн жаза мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин болмокчу.
Путин ЖККУнун уставын өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду