РФ менен Кытай жогорку технологиялар боюнча маалымат алмашып турмай болду

Өлкө башчы учкучсуз учуучу аппараттарды Кытай рыногуна киргизүү жеңил болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кытай лидери Си Цзиньпин менен жогорку технологиялар тууралуу маалыматтарды алмашып турууну макулдашканын билдирип, мындан улам Москва экспортту колдоонун механизмдерин ойлонуп чыгышы керектигин белгиледи.
Учкучсуз авиациялык системалар жаатындагы уюмдун бет ачары тууралуу РИА Новости жазып, өлкө башчынын сөзүн келтирген.
"Жакында эле Кытай лидери менен жолугушуп, көп тармак боюнча ачык-айкын сүйлөшүү жүрдү. Бири-бирибизди толуктап турушубуз керектигин белгиледик. Бул өзгөчө технологиялык тармакка тиешелүү, бирибиз алдыга жылсак ээ болгон маалымат менен алмашып, бири-бирибизге рынокту кеңейтүүгө жардам беребиз", — деди Путин.
Өлкө башчы айтылгандын баары ишке ашарынан эч ким эч кандай күмөн санабашы керектигин белгилеген.
"Өкмөттүн деңгээлинде экспортту колдоо инструменттерин иштеп чыгуу керек. Учкучсуз учуучу аппараттарды Кытай рыногуна киргизүү жеңил болот", — деди РФ лидери.
Россия менен Түркия "Аккую" АЭСине өзөктүк май жеткирүүнү расмий макулдашты