Ал ата-эне бала менен бардык темада ачык сүйлөшүүсү керектигин белгиледи.
"Мисалы, балага анын физиологиялык өзгөрүүлөрү тууралуу айтышпайт. Мен практикамда этек кири биринчи жолу келген кыз "өлүп калам го" деп ыйлап жатканын көргөм. Этек кир жөн эле келбей белиңди, ичиңди оорутат, алсыратат, ушундай нерсени кыздарга кантип айтпай коёбуз? Өспүрүм балдардагы өзгөрүүлөр тууралуу да айтыш керек. Балдар көбүрөөк ата-энесинин бири-бири менен тил табыша албаганынан санааркашат. Мага келген каттарда "мен бармын, бирок алар мени көрүшпөйт", "мен өлүп алсам ата-энем ыйлап жатып элдешип кетишер" деген сыяктуу билдирүүлөр болот деген Суюмбаева ата-эне балдарга убакыт, көңүл буруу менен мээрим, сүйүүсүн билдириши керектигин айтты.
Тема боюнча: