Кыргыз-кытай чек арасы 29-апрелден баштап үч күнгө жабылат

Өткөрүү пунктуларын жаба туруу Кытайда Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу коңшу өлкө тарабынан демилгеленген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы 29-апрелден 1-майга чейин жабылат. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан адамдардын, автоунаалардын өтүүсүнө жана жүк ташууга убактылуу чектөө киргизилет. Ал эми 2-майдан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт.
Чек араларды жаба туруу Кытайда Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу коңшу өлкө тарабынан демилгеленген.
Депутат "Эркеч-Там" постундагы бажычылардын чабалдыгына нааразы болду