Коомчулук айыптаган "Галичина" дивизиясын даңазалаган жүрүш. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Мындан эки жыл мурда ушул күнү Киевде ССтин "Галичина" дивизиясынын урматына тарыхта биринчи ирет жүрүш өткөрүлгөн. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье тарыхый видео кошуп, эки жыл мурдагы окуяны окурмандарга сунуштады.
Эки жыл мурда радикалдар калаанын борбору менен жүрүп отуруп, өкмөттүн, Жогорку Раданын жанынан өткөн. Украинанын борборундагы бул окуя дүйнө коомчулугунун нааразылыгын жараткан.
Тарыхка кайрылсак, ССтин "Галичина" дивизиясы 1943-жылы 28-апрелде түптөлгөн. Кийинки жылдын жай айына, Кызыл Армия аларды украиналык Броды шаарынын жанынан талкалаганга чейин иштеген. Дивизияда кызмат өтөгөндөр жай жашоочуларга карата аскердик кылмыштарды жасашкан. Алар Польшага караган Гута Пеняцкая кыштагында 500 адамдын өмүрүн кыюуга катышкан. "Галичина" дивизиясы кийин Нюрнберг трибуналынын чечими менен кылмыштуу уюм деп табылган.
Туткундарды фашисттик концлагерлерден бошоткон күн. Бухенвальд азабы видеодо