Радио

Жергиликтүү кеңешке шайлоонун жыйынтыгы менен 102 аялга мандат берилет

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева шайлоодо аялдар үчүн берилген квотанын маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Апрелдин башында өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен 102 аялга мандат берилсе, анын 97си квота менен кепилденген орундар. Бул тууралуу Акбалык Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жалпы добуш берүүдөн жеңип чыккан аялдарга гендердик квота колдонулбайт.
"9-апрелде өткөн 14 жергиликтүү кеңешке гендердик квота колдонулду. Белгилүү болгондой, анын үлүшү 30 пайыздан кем эмес болушу шарт. Республика боюнча айымдарга 97 мандат квота менен кепилденген, бирок шайлоонун жыйынтыгы менен 102 кыз-келинге мандат берилгени турат. Мисалы, жети мандат болсо, анын үчөө аялдарга сакталган. Ошол эле учурда калган төрт мандат жалпы эсептелип, добуш берүүдөн аял-талапкер жеңип чыкса ал квотага кирбейт. Гендердик квота — аргасыздан киргизилген чара. Аны жоюу үчүн коомдун аң-сезими, мамилеси өзгөрүшү керек. Себеби коом аялдарды шайлоого ашыкпайт. Маселен, Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округдардан алгач бир дагы аял өткөн жок. Кийин кошумча шайлоо уюштурулганда гана Элвира Сурабалдиева өтүп, натыйжада Жогорку Кеңештеги 19 айымдын бирөө гана квота колдонбой келди. Ошондуктан гендердик квотанын сакталып туруусу маанилүү. Аялдар социалдык маселелерде активдүү", — деди Жумалиева.
Ошондой эле ал гендердик квота, мыйзам боюнча, эркектерге дагы колдонула турганын кошумчалады.