БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бүгүн, 28-апрелде, Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде иш жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Жарманкеде алты миңден ашуун вакансия боюнча маалымат берилет. Жумуш издегендерге маалымат технологиялары, курулуш, тейлөө, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт жана медицина жаатында иш табуу мүмкүнчүлүгү бар.
"Мектеп окуучулары 10 университет, 20 кесиптик лицей жана окуу борборлорунан келген адистерден кесип тандоо боюнча кеңеш алса болот. Ошондой эле ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча да маалымат берилет. Ал эми иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен жеринде экспресс интервьюларды өткөрүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чара Абдрахманов көчөсү, 196 дарегинде саат 10:00дөн 14:00гө чейин өтөт.