БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы жашоочулар чычкан, келемиш, курт-кумурска көбөйүп, көйгөй жаратып жатса мэриянын алдындагы Дезинфекциялык станцияга кайрылуу керектигин эскертти.
Билдирмеде айтылгандай, аталган станция 1960-жылдан бери калаадагы калкка жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүп келет.
"Станция имарат, үйлөрдү чымын, кантала, бүргө, чиркей, чычкан, келемиштерден тазалайт. Жашоочулар өз алдынча күрөшкөнү менен анын натыйжасы көпкө жетпейт. Зыянкечтердин жаны бекем болот жана ар кандай шартта жашап кетет. Станция кызматкерлери алардын кызматынан пайдалангандарга конфиденциалдуулукту сактайт. Дезинфекция жана дератизациядан кийин үйдүн, имараттын ичин жакшылап жууп-тазалоо зарыл. Тиешелүү эрежелердин баарын станциянын жумушчулары түшүндүрүп берет", — деди мэриядан.
Шаардык дезинфекция станциясынын байланыш номерлери: 0551199315, 0555120581, 59-24-61, 59-24-63.
Дареги: Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү №66.