29-апрелге карата аба ырайы

29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +15...+20 жана Нарында +17...+22 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +26...+28 жана Ош шаарында +29...+31 градусту көрсөтөт.
Жолго чыккандар абайлагыла. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты