Радио

Тарыхчы: Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстанга 36 ишкана көчүрүлгөн

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргыз ССРине эвакуацияланган завод-фабиркалар кыска убакытта өндүрүштү жолго кое алганын айтты.
Sputnik
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргыз ССРи Советтер Союзу үчүн ишенимдүү оорук болгон. Ошондуктан стратегиялык маанидеги көптөгөн завод-фабрикалар көчүрүлүп келген. Бул тууралуу Темиркул Асанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 1941-1945-жылдары азыркы Кыргызстанга СССРдин ар кайсы жеринен 30дан ашуун ишканалар көчүрүлгөн.

"Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргыз ССРинен 360 миңден ашуун адам согуш талаасына аттанган. Кыргызстан согуш жүрүп жаткан жерлерден ыраакта болгондуктан СССРдин ишенимдүү жана маанилүү ооругуна айланган. Кыска убакытта өлкөгө 36 завод-фабрика эвакуацияланып, иштеп баштаган. Алардын арасында Ворошиловград шаарынан курал-жарак чыгаруучу завод, Москвадан Фрунзе атындагы миномет заводу, Украинанын Бердянск шаарынан айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод, Ысык-Көлгө №175 суу астындагы канаттуу ракеталарды чыгарган торпеда заводу сыяктуу бир топ стратегиялык мааниге ээ мекемелер болгон. Алар көчүрүлүп келери менен ишти токтотпой улантып кетишкен. Мындан сырткары, Чоң Чүй каналы ушул жылдары курулган. Анткени айыл чарба тармагына керек болгон. Электр энергиясын өндүрүү кескин өсүп, ГЭСтер пайда болгон. Ош шаарына жибек өндүрүүчү комбинат ачылып, ал фронтто колдонулуучу парашюттарга иштетилген жибек өндүргөн. Ал тургай токтоп калган Кант — Балыкчы темир жолунун курулушу улантылган. Мындан сырткары, азык-түлүк жана башка фронтко керектелчү буюмдарды өндүргөн бир топ жеңил өнөр жай ишканалары пайда болгон", — деди Асанов.

Окумуштуу 10 саттык иш режими киргизилип, жумушчулардын ыктыяры менен дем алыш күндөр да жумуш күнүнө айланганын кошумчалады.