Депутат Транспорт министрлигин "жегичтердин коому, аферист" деп айыптады

Эл өкүлү тынымсыз камоолор болуп жатканына карабай транспорт тармагынан акча жегендер токтобогонуна таң калууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министрлиги илгертен эле жегичтердин коому болуп калган, ким келбесин токтогон жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов билдирди.
Эл өкүлү жакында эле "Кыргыз автожол" мамлекеттик мекемеси менен Кеминдеги жол тейлөө ишканасында 300 тонна битумдун дайыны чыкпай калганын, Баткенде жол кургандар 40,8 миллион сомду кымырып алышканын эске салды.
"Ушуларды токтотсо болбойбу, ыя? Бул жагынан камап деле жатат, ары жагынан жеп деле жатат. Илгерки стереотиптен чыга албай жатышабы, түшүнбөй да калдым. Кандай министр, жетекчи келбесин, баары эле жеп жатат го. Биз бул жакта битум жок деп былтыртан бери асфальт төшөтө албай жатабыз, булар жегенин койбойт. Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүндө көпүрөнүн бүтпөгөнүнө алты жыл болду. Министр бир жылдан бери "азыр баштайбыз" деп эле жүрөт", — деди Сулайманов.
Мындан сырткары, депутат Транспорт министрлиги кызматын колдонгон жеткирүүчү компаниялардын акчасын бербей жатканын айтты.
"Эми каражатты "вексель менен (баалуу кагаз) беребиз" деп жатышат. Бул эмне деген жорук? Мамлекеттик орган делген министрлик мыйзамдуу аферист болуп калганбы", — деп суроо салды эл өкүлү.
Транспорт министри Баткенде жол курууда кымырылган 40,8 млн. сом боюнча үн катты