Баткенде Россиянын каржылоосу менен логистикалык борбор ачылды. Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакировдун айтымында, долбоордун максаты — окуучуларды сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо. Аталган борбор Баткен облусунун жашоочуларына да пайдасын тийгизери кошумчаланды. Фермерлер өндүргөн продукцияларын бул жерге сатат да, андан ары аймактагы мектептерге бөлүштүрүлмөкчү.
"Бул долбоор инвесторлордун жардамы менен ишке ашууда. Башкы каржылоочу Россия болду", — деген аким.
Логистикалык борбордун ачылышына Россиянын Ош шаарындагы консулу Андрей Бибишев, БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү жана директору Кожиро Накай, Россиянын Тармактык тамактануу институтунун эксперти Анатолий Максимов жана БУУнун Азык-түлүк программасынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.
"Мектеп тамактануусу маанилүү ролго ээ, балдардын ден соолугун биринчи орунга коюп, адам капиталына инвестициялоо келечекке карай мыкты салым деп эсептейм. Россия Федерациясынын бул логистикалык борборго каржылык колдоо көрсөтүүсү эки элдин достугун чыңдайт. Борбордун курулуш иштерине РФ өкмөтү жалпы 207 миң доллар каржылык колдоо көрсөттү. Мындай демилгелерди дайыма колдомокчубуз", — деген РФтин Ош шаарындагы консулу Бибишев.
Тема боюнча: