БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган видеобайланыш аркылуу "Аккую" АЭСинин №1 энергоблогуна россиялык өндүрүштөгү өзөктүк майдын жеткирилишине байланыштуу өткөрүлгөн салтанаттуу аземге катышты. Бул тууралуу Кремлдин сайты кабарлады.
Россия менен Түркия атомдук электростанциясына өзөктүк май жеткирүүнү расмий түрдө макулдашып, "Росатом" Түркиянын Энергетика министрлигине анын сертификатын тапшырды.
Түркиянын биринчи атомдук электростанциясы өзөктүк объект макамын алып, "Аккуюнун" үстүнөн тынчтык атомунун желеги көтөрүлдү.
Станциянын курулушун "Росатом" мамлекеттик корпорациясы 2010-жылы кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдин негизинде ишке ашырууда. Жалпысынан кубаттуулугу 4800 мегаватт болгон төрт энергоблокту ишке киргизүү пландалган.
Владимир Путин "Аккую" АЭСи Москва менен Анкаранын эң маанилүү долбоору экенин айтты.
Ошондой эле Россия Түркияга жер титирөөдөн кийинки калыбына келтирүү иштерине жардам берүүгө даяр экенин, Анкаранын жаратылыш газына болгон "муктаждыгын канааттандыруу үчүн бардык аракетин жасай турганын" билдирди.
РФ лидери дагы эмнелерди айтты:
учурда бул дүйнөдөгү ири атомдук курулуш. Ишке тартылган жумушчулардын саны 30 миңге жакындайт;
жаңы атомдук электростанцияга жабдууларды алууга 6,5 миллиард долларга чукул каражат керектелет. Жабдуулар Түркиянын өзүндө чыгарылат;
аталган станция Түркиянын энергияга болгон керектөөсүнүн 10 пайызын камсыздай алат;
Россия тарап Түркиянын атомдук өнөр жайы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо.