Окуучулар кабылган автокырсык: реанимациядагы балада жылыш бар, айдоочу комада

Учурда алты окуучу травматология, бир окуучу нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бир жума мурда "Манас" эл аралык аэропортуна кеткен жолдо автокырсыкка кабылган балдардын ичинен реанимацияга түшүп калган окуучунун жалпы абалында жылыш бар. Бул туурасында №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Анын айтымында, алты окуучу травматология, бир окуучу нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда.
"Көз тийбесин, реанимацияга түшкөн баланын абалында жылыш бар", — деген Маманов.
Дарыгер 16 бала мындан үч күн мурда үйлөрүнө жиберилгенин кошумчалады.
Бул жол кырсыкта окуучулар түшкөн маршрутканы сүзгөн Go BUS автоунаасынын айдоочусунун абалы туурасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынан айтып беришти.
"Айдоочу өзүнө келе элек. Реанимацияда, комада жатат. Абалы оор, аппараттын жардамы менен дем алууда. Мээси жанчылып, жамбашы сыныптыр", — деди аталган оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков.
Эске салсак, 20-апрель күнү саат 11:30дар чамасында кенже класстын балдары автокырсыкка кабылган. "Манас" аэропортуна кетип бараткан жолдо Сокулуктун Ат-Башы айылынан Лесное айылына мектепке чыккан автобусту артынан келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн. Автобустун ичинде 1-4-класстын окуучулары бар экени белгилүү болгон. Натыйжада ар кандай жаракаты менен жалпысынан №3 ооруканага 27 бала түшүп, үчөө ошол эле күнү үйүнө кайткан. Андан кийин дагы 15 окуучу чыгарылган.
Милиция автобус кырсыгынан жабыркаган балдардан кабар алды