Лейлек районуна аскер лицейин ачуу пландалууда

Учурда иш пландар түзүлүп, сунуштар даярдалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районуна аскер лицейин ачуу пландалууда. Бул туурасында коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов парламентте билдирди.
Депутат Чыңгыз Ажибаев "чек аралаш айылдарда болгон окуяларды эске алуу менен жаштарды патриоттулукка тарбиялоо максатында өсүп келе жаткан муунду окутуу үчүн Лейлекте аскер лицейин ачуу мүмкүнбү?" деп сурады.
Карасартов жакында эле тегерек стол өтүп, тиешелүү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, ушул маселе каралганын белгиледи. Анын айтымында, учурда аскер лицейин ачуу боюнча иш план түзүлүп, сунуштар даярдалууда.
70 миң сомго аскердик билет берген программа сунушталды. Кимдерге тиешелүү?