Кыргызстанда доллардын курсу бир аз түштү

Өткөн аптанын соңунда доллардын сатыктагы орточо курсу 88,3 сом болуп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Акыркы күндөрү Кыргызстанда доллардын курсу бир аз ылдыйлады. Бул туурасында "Апенди бизнесмен" (Sputnik Кыргызстандын долбоору) Telegram каналы жазды.
Өткөн аптанын соңунда доллардын сатыктагы орточо курсу 88,3 сом болуп турса, бул шейшембиде (кечээ) 88,2 сом, ал эми бүгүн 87,5 сом болуп калды.
Ал эми сатып алуу дээрлик өзгөргөн жок, тагыраагы, 87,5 сомдун тегерегинде турат.
Улуттук банктын алтын запасы бир айда 3,2 млрд. сомго кымбаттады