"Коопсуздук" машыгуусу аяктап, активдүү катышкандар сыйланды. Сүрөт

Машыгуунун алкагында өлкө аймагына кирип келген куралдуу топторду жок кылуу боюнча биргелешкен "операция" жүргүзүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Өлкөнүн түштүгүндө "Коопсуздук — 2023" аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Өлкөнүн түштүгүндө "Коопсуздук — 2023" аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу аяктады

2 / 5

Машыгуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25-27-апрель күндөрү болду

3 / 5

Иш-чаранын катышуучулары өлкө аймагына кирип келген куралдуу топторду жок кылуу боюнча биргелешкен "операция" жүргүзүшкөн

4 / 5

Ошондой эле аскердик абал маалында кырдаалды турукташтыруу, эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү, табигый кыйроолордун кесепеттерин жоюу жана башка маселелер боюнча тапшырмаларды аткарышкан

5 / 5

Жыйынтыгында эң активдүү катышуучулар ведомстволук медалдар, ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланды

Машыгуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25-27-апрель күндөрү болду.
Иш-чаранын катышуучулары өлкө аймагына кирип келген куралдуу топторду жок кылуу боюнча биргелешкен "операция" жүргүзүшкөн. Ошондой эле аскердик абал маалында кырдаалды турукташтыруу, эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү, табигый кыйроолордун кесепеттерин жоюу жана башка маселелер боюнча тапшырмаларды аткарышкан.
Жыйынтыгында эң активдүү катышуучулар ведомстволук медалдар, ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланды.
Аталган иш-чарага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдарынан, аскерлеринен сырткары башка күч түзүмдөрү, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да катышты.
70 миң сомго аскердик билет берген программа сунушталды. Кимдерге тиешелүү?