Радио

Бишкекте 29-апрель күнү Кыргыз маалыматтык технологиялар форуму өтөт

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова быйыл KIT — кыргыз маалыматтык технологиялар форумунда төрт багыттагы маселе талкууланарын айтты.
Sputnik
KIT форуму — маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү ири иш-чара. Кыргызстанда 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет жана мамлекеттеги маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн көйгөйү менен андан чыгуу жолдорун талкуулоо үчүн чыныгы аянтча катары белгилүү. Бул тууралуу Индира Шаршенова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жолку форумдун темасы "Кыргызстандын санариптик экономикасынын борборундагы маалыматтар" деп аталат.
"Кыргыз маалыматтык технологиялар форуму IT дүйнөсүндөгү акыркы тенденцияларды жана практикалык тажрыйбаны изилдөөнү сунуштаган технология энтузиасттарынын, ишкерлердин, инвесторлордун жана адистердин жыйыны болот. Катышуучулар кызыктуу семинарларга, IT чечимдерине жана технология тармагынын лидерлеринин шыктандыруучу маалыматтарына күбө болушат. Иш-чаранын программасында маалыматтарды башкаруу стратегиясы (маалыматтардын коопсуздугун, сапатын жана жеткиликтүүлүгүн кантип камсыз кылуу керек), жасалма интеллектинин мүмкүнчүлүктөрү, GovTech санариптик кызмат көрсөтүү фабрикасы (мамлекеттик кызматтарды жана адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн маалыматтарга негизделген чечимдерди ишке ашыруу) жана маалыматтарды жөнгө салуу (адам укуктарын, бизнестин кызыкчылыктарын колдоо жана маалымат чөйрөсүндө мамлекет менен тең салмактуулукту табуу үчүн мыйзамдарды жана ченемдик актыларды кантип түзүү жана колдонуу керек) маселелери козголот. Кошумчалай кетсек, катышуучулар оюнду өнүктүрүү боюнча бонустук сессияга мүмкүнчүлүк алышат, анда Кыргызстандын оюн индустриясынын потенциалы талкууланат. Иш-чарада катышуучулар 15 өлкөнүн өкүлдөрү менен баарлашат жана B2B жолугушууларына катышат. Amazon, SecDev Group, Касперский, IBM, Яндекс, Azur Games жана башка ири компаниялардын өкүлдөрү келет", — деди Шаршенова.
Ал иш-чарада IT Awards 2023 сыйлык тапшыруу аземи өтөрүн, анда аймактагы IT-долбоорлор жана демилгелер бааланарын кошумчалады.