Эмгек министрлиги: жыл башынан бери 7 миңдей адам иш менен камсыз болду

Эмгек рыногунда талап жогору болгон кесиптерге окутуу иштери да жүрүп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жыл башынан бери 7 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болду. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 3,6 миң адам жумушка кирген. Ал эми акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда убактылуу иштөөгө 1,9 миң киши жөнөтүлгөн.
Дагы 1,4 миң жаран эмгек рыногунда талап жогору болгон кесиптерге окумай болушкан. Тагыраак айтканда, медайым, компьютер оператору, ашпозчу, косметолог, чачтарач, маникюр чебери, массажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширетүүчү, слесарь-сантехник адистиктерине ээ болушмакчы.
Ошондой эле кесип тандоого Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында, Чүй облусунун Сокулук районунда иштеген борборлор жардам берери белгиленди. Ал жакта кесип тандоо боюнча кеңеш ала алышат, кесипке багыт берүүчү тестирлөөдөн өтүшөт.
Бишкектеги жарманкеде алдыңкы 70 компания иш сунуштайт