Эрдогандын инфаркт болгону айтылып, бирок администрациясы маалыматты төгүндөдү

25-апрелде Эрдоган түз эфирде маек берип жатканда абалы кескин начарлап, берүүнү токтотууга туура келген. Андан соң кайтып келип, ашказаны кармап калганын айткан. Эртеси дарыгердин кеңеши менен шайлоо алдындагы бир нече иш-чарага барган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр — Sputnik. Бир катар ЖМКлар Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын жүрөгү кармап, тагыраагы, инфаркт болду деп жазышкан. Бирок президенттин жалган маалыматтар менен күрөшүү борбору бул маалыматты төгүнгө чыгарганын РИА Новости билдирди.
"Эрдоган инфаркт болуп ооруканага түштү деген маалымат чындыкка туура келбейт", — деп жазган Twitter баракчасына аталган борбор.
Кечээ, 26-апрелде, Эрдоган дарыгерлердин кеңеши менен шайлоо алдындагы кампаниясынын алкагында бир нече иш-чарага катышкан эмес. Андан бир күн мурда жергиликтүү телеканалга түз эфирде маек берип жатканда абалы начарлап, маекти токтотууга туура келген. Бир топтон кийин кайра эфирге чыккан президент ашказаны кармап калганын билдирген.
Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга пландалган.
Эрдоган Борис Жонсонду ыңгайсыз абалга калтырды. Видео