Нуржигит Кадырбеков лицензиясы бар жайларда гана ичимдик ичүүнү сунуштады

Эл өкүлү өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук продукциялар тек гана экспортко багытталса жакшы болорун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков атайын уруксат берилген жайларда гана ичимдик ичүүнү сунуштады.
Депутат эл такыр спирт ичимдигин ичпей, аны өндүргөндөр да, импорт кылгандар да банкрот болуп калса экен деп эле тилек кыларын ачык айтты.
"Австралиянын түндүк аймактарында лицензиясы бар мекемелерде гана ичимдик ичкенге уруксат берилет. Көчөдө, көрүнгөн жерде, ресторандарда иче бербейт. Ушундай дагы бир саясатты ойлонсоңор жакшы болот эле. Керек болсо АКШда дагы такыр тыюу салынган жерлер бар. Элдин ден соолугун ойлойлу. Колдон келсе экспортко багыттаңыздар, ички рынокто болбой эле калса экен", — деди Кадырбеков.
Эл өкүлүнүн айтымында, Россияда жылына 50 миң адам арак-шарап ичкенден көз жумган, өз жанын кыйгандардын 80 пайызы мас абалында болот.
Агенттик директору Токтогулов: "Аюнун" директору өзү келип заводун берем деди