БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. "Мектептерде жардыруучу заттар бар" деген жалган маалымат жөнөтүп, дүрбөлөңгө салып жатышат. Аларга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгыш керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков парламентте билдирди.
Анын айтымында, 20-апрелде Бишкектеги 30 мектепте, кечээ 34 билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат катталган. Мунун айынан мамлекетке миллиондогон зыян алып келүүдө, окуу процесстери үзгүлтүккө учурады. Канча окуучу, ата-эне, мугалимдер моралдык зыянга кириптер болуп жатат. Бул жагдай боюнча өкмөттүк деңгээлде натыйжалуу иш-чара өткөрүш керек.
"Бул нерсе канчага чейин уланат. Керек болсо мыйзамды күчөтүү зарыл.Азыр Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренеси менен 50-100 миң сом айып пул же беш жылга эркинен ажыратуу каралган. Ал эми 1997-жылдагы кодексте 1,5-2 миллион сом айып салынып же сегиз жылга чейин камалат эле. Ошого булар ар кандай маалыматтарды таратып, тайраңдап жатат. Күнү-түнү иштеп ортодо укук коргоо органдары кыйналууда", — деди Өмүрзаков.
Мындан улам депутат жалган маалымат бергендерге жоопкерчиликти көчөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.