БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Жеңиш диктанты" тарыхый акциясы болуп өттү.
Маалыматка ылайык, Улуу Ата мекендик жана Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу билимин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген иш-чара жалпы өлкө боюнча 30 аянтчада уюштурулган. Бишкектегиси Россиянын илим жана маданият борборунда (Русский дом) саат 15.00дө башталды.
"Акциянын максаты — тесттен жеңип чыгуу эле эмес, жаштарга кийинчерээк гана ачыкталган жаңы фактылар тууралуу маалымат берүү. Архивдеги кийин кошулган маалыматтар улам "Жеңиш диктантына" кошулуп турат", — деди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеев.
Тест түрүндөгү "Жеңиш диктанты" 45 мүнөткө созулуп, өзүнө 25 суроону камтыды.