Антонов: Батыш Россия менен Европаны уруштуруу үчүн баарын кылууда

Дипломат бир нече жыл мурда АКШда Киевге жеңил курал берүү туурасында сөз болгонун эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Батыш европалык мейкиндикте Россия менен согуш чыгып кетиши үчүн баарын жасайт. Вашингтон муну менен бирге эле кооптуу оттун АКШдан алыс болушун каалайт. Бул туурасында Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.
Дипломат жолугушууларда Вашингтондун расмий өкүлдөрүнө "силерге деги бизден эмне керек" деген суроо узатып, жооп алууга аракеттенерин айтты.
"Украинаны курал-жаракка болушунча толтуруп салдыңар. Америкалыктар расмий деңгээлде бизге стратегиялык жеңишти тартуулагысы келбей турганын дайыма айтып келишет, силер чындыгында эмне максатты көздөйсүңөр? Россияны жөн эле кыйнагыңар келдиби?" — деген Антонов.
Ал бир нече жыл мурда АКШда Киевге жеңил курал берүү туурасында сөз болгонун эске салды. Ал бүгүнкү күндө кеп учактар туурасында бара жатканын айтты.
"Свастикасы бар танкалар кайрадан Советтер Союзунун (мурдагы – ред.) аймагында. Ушундан кийин анан Батыш биз менен согушууну каалабайбыз деп жатабы? Менимче, мунун баары европалык мейкиндикте согуш оту жанып кетүү үчүн жасалууда. Бирок белгилеп айта кетейин, анткен менен америкалыктар согуштун АКШнын аймагына жакын болушу каалашпайт", — деп белгилеген элчи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыш үстөмдүгүн сактоо үчүн согуштун кийинки этабына даярданууда