БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. "Аю" ишканасынын жетекчиси өз ыктыяры менен спирт заводун мамлекетке берди. Бул туурасында Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Токтогулов парламентте билдирди.
Депутат Жанар Акаев Шаршенбек Абдыкеримов кантип "Аю" заводун берип калганын же "өзү келип белек кылдыбы" деп сурады.
Токтогулов компаниянын жетекчилиги өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатканын айтты.
Эл өкүлү буга "алып койсоңор жакшы болот эле деп өзү келдиби? Ашыкчанын кереги жок деп кайрымдуулук кылыптыр да?.." — деп таң калды.
Токтогулов сөз болуп жаткан ишкананын жетекчилиги өздөрү ошондой кайрылуу кылышканын билдирди. Аткаминер бул иш боюнча тиешелүү органдар иштеп жатканын да кошумчалады.
"Заводун 20 жылда куруп, адамдарды иш менен камсыздап жүрүп, анан өзүнүн ишканасы өзүнө жакпай калдыбы? Кандай болуп калат?" — деп түшүнгөн жок депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров "Аюу" компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводу мамлекетке өтүп жатканын айткан. Ал "Аюну" 2,5 жылдан бери эркелеттик, укпады" деген. ИИМ дагы заводго тинтүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталганын кабарлаган.