Акжол Махмудов Роман Власовду утуп алды

Бул мелдешти күйөрмандар эки жылдан бери күтүп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов россиялык Роман Власовду утуп алды.
Балбандар 1:1 эсебинде беттешип келип, соңку аракетти ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн Махмудов артыкчылык алды.
Балбандар Алматыда өткөн Poddubny Wrestling League турниринде күч сынашты.
Ушул эле мелдеште буга чейин Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча россиялык Динислам Бамматовду жеңип алган.
Шаршенбеков 7:2 эсебинде жеңишке жеткен.
Poddubny Wrestling League (Поддубныйдын күрөш лигасы) — дүйнөдөгү ири спортчулардын эл аралык таймашы. 2022-жылы лиганын турнирлери үч ирет өткөн — Москвада эки, Бишкекте бир ирет уюштурулган.
Роман Власов — россиялык грек-рим күрөшү боюнча эң атактуу балбандардын бири, Олимпиаданын эки жолку чемпиону (2012, 2016), Европанын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Ал эми Акжол Махмудов дүйнө чемпиону, Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси. Бир жыл мурун балбандар Бишкекте беттешүүнү макулдашып, бирок Махмудовдун жаракатынан улам жолугушуу кийинкиге жылдырылган болчу.
Көз караштар дуэли. Акжол Махмудов менен Роман Власов кармаш алдында. Видео