Радио

Ибраева: мурунку ооруканалар аз калкка ылайыкташтырылып салынган

Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева өлкөдөгү бардык ооруканаларды заманбап жабдыктар менен камсыздаганга аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Заманбап жабдыктар эң алгач баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү жайларга берилет. Анткени бейтап эң алгач баштапкы медициналык жайлардан консультация алышат. Бул тууралуу Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Учурда акырындык менен бардык ооруканаларды заманбап жабдыктар менен камсыздаганга аракеттер көрүлүп жатат. Бул жерде кошумчалай кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги келип жаткан заманбап жабдыктарды эң алгач баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү мекемелерге берет. Андан кийин калган ооруканаларга жиберилет. Аймактарда эскилиги жеткен, ошол эле кезде аз орундуу ооруканалар бар. Алардын көбү 1980-жылдары салынып, ошол учурдагы калктын санына ылайыкташтырылып курулган. Андагы мезгилге салыштырмалуу азыр элдин саны көбөйдү", — деди Ибраева.
Ал региондогу ооруканалар жаш дарыгерлерге муктаж экенин кошумчалады.