Зилзала: талкаланган Ташкенттин тарыхын баяндаган архивдик видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жарым кылымдан ашык мезгил илгери, тагыраагы, 57 жыл мурда, дал ушул күнү таңкы саат беш жарымга чукул борбор калаа Ташкентте катуу зилзала болгон. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Аталган ресурс Өзбекстандын шаарындагы ошол жылдагы жаратылыш кырсыгынын кандай болгонун жана калыбына келтирүү иштери кандай жүргөнүн баяндаган видеону жарыялады.
"1966-жылы Ташкенттин борбору толугу менен талкаланган. Кырсыкты башынан өткөргөндөр биринчи силкинүүдө жер күүлдөп келип, ар тараптан жарыктар чачыраганын айтып беришкен", — деп айтылган маалыматта.
Бул кырсык 45 миң бүлөнү үй-жайсыз калтырган. Талкаланган Ташкентти кайрадан тургузууга жалпы совет эли киришип, калаа жаңырып, жаңы турмушту баштаган.
30 секундада 30 миң кишинин өмүрүн алып кеткен зилзала. Спитак тууралуу видео