БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Тажик бийлиги Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунда террорчулар жок кылынган операция туурасында айтты. Бул жөнүндө Sputnik Тажикстан жазды.
УКМКнын билдиргенине караганда, эки террорчу Афганистандан Вандж районуна кирген. Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөрдүн жок кылынганын жарыялашып, алар теракт жасоо үчүн келишкен дешти.
Тажикстандын атайын кызматы жергиликтүүү жашоочулар менен аскерлердин ичинен зыянга учуругандар жоктугун айтып, маалымат беришкен.
Sputnik Тажикстандын маалымат булагы дагы бир нече согушкердин чек арадан өтүүгө аракет жасаганын айтып берген.
"Бирөө качууга аракет кылганда Пянж дарыясына чөгүп, үчөө Афганистанга кирип кетти. Каза болгондордун ичинен бир согушкердин ким экендигин тактоого мүмкүнчүлүк болду. Ал Язгул айылынын жашоочусу экени аныкталды, кыязы, бул топтун башчысы окшойт", — деп айтып берген агенттикке маалымат булагы.
Экинчисинин Тажикстанда туулганы белгилүү болгон менен тек-жайы тактала элек. Сууга чөккөн кишинин Тажикстандын жараны эмес экендиги айтылды.
Агенттиктин Афганистандагы башка маалымат булагы качкан согушкерлерди Нусай провинциясынан жергиликтүү чалгынчылар дароо кармагандыгын билдирген.
"Аларды Афганистан Бадахшанынын Файзабад шаарына жиберишти. Учурда суракта", — деп тактаган маалымат берген адам.
Анткен менен каза болгондор менен кармалгандар кайсы топко мүчө экендиги азырынча белгисиз.