Таллиндеги адам өмүрүн алган "Коло түн". Тарыхый видео

Бул кагылышта Россиянын жараны Дмитрий Ганин каза тапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мындан алты мурда Таллинде "Коло жоокер" — Боштондукка чыгаруучу аскердин эстелигин башка жерге коюу даярдыгы башталганда чатак чыккан. Ал тарыхта "Бронзовые ночи" деген ат менен калган.
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Активисттер эстеликтин башка жакка көчүрүлүшүнө каршы туруп, ошол жерде автоунааларга түнөшкөн. Таңкы саат төрттөрдө автокөлүктөрдүн бирине аскерлер жабыла келип, дубинка менен айнектерин талкалап техниканы чайпалта башташкан. Бийлик мемориалга коюлган Кызыл Армиянын жоокерлеринин сөөктөрүн казууга жана эксгумациялоого даярдык көрүүнү баштаган. Аймакты полиция кызматкерлери курчап турган. Бирок кечке маал Таллиндин жашоочулары баары бир монументке келишкен. Бул кагылышта Россиянын жараны Дмитрий Ганин каза тапкан.
1200гө чукул киши кармалып, 200үн камашса, 50гө чукул адамды ар кыл мөөнөттө эркинен ажыратышкан.
Советтик учкуч Чкаловдун эстелигин Киевде алып салышты. Видео