Россиянын Щадринск шаарындагы жол кырсыгынан бир кыргызстандык көз жумду

Учурда сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Россиянын Щадринск шаарында кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып бир мекендеш каза болгонун Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кабарда каргаша 25-апрель күнү Екатеринбург — Шадринск — Курган унаа жолунда болгону айтылат.
"Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыгып Hyundai жүк ташуучу менен кагышкан Honda Fit машинасын 38 жаштагы кыргызстандык жаран айдап бара жаткан. Натыйжада 34 жаштагы жүргүнчү мүрт кеткен. Айдоочу менен 24 жаштагы жүргүнчү кыз Щадринск шаарындагы ооруканага жаткырылган, экөөнүн тең абалы туруктуу", — деп айтылат билдирүүдө.
ТИМ Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу окуянын жагдайын тактап жатканын белгиледи. Маркумдун жакындары менен байланышып, сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилүүдө.
"Манас" аэропортуна кеткен жолдо үрөй учурган жол кырсык болду. Видео