Ушул кезге чейин кыргыз тилинин корпусу же болбосо санариптик базасы түзүлгөн эмес. Россия Федерациясы 230 миллиондой сөздүн корпусун түзүп, бардык ишканаларына берген. Ал тургай алтай, хакас, башкыр жана башка субъектилери да өз тилдеринин корпусун иштеп чыгышкан. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик тилдин сапатын жогорулатуу, аны жайылтууда ушул убакка чейин тиешелүү мамлекеттик органдар жетиштүү жумуш жасаган эмес.
"Учурда мамлекеттик тил боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору биринчи кезекте кыргыз тилинин сапатын жогорулатуу иштерин шарттайт. Биз ушунча жылдан бери тилибиздин корпусун да түзгөн эмеспиз. Мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттердин дээрлик бардыгы бул ишти эбак эле бүтүрүшкөн. Тилдин лингвистикалык корпусу же болбосо санариптешкен базасы ошол тилди туура колдонуу, туура жазуу, сүйлөөнү шарттайт. Котормо иштеринде терминдердин чачыранды болбой эреже менен бардык жерде бирдей жазылышына мүмкүнчүлүк берет. Жыйынтыгында ошол тилде сүйлөгөн коомдун тили сапаттуу болуп, сөздөрү орундуу колдонулат жана сырттан кирген сөздөр башаламан пайдаланыла бербейт. Бул абдан маанилүү кадам. Бизде кыргыз тилчи окумуштуулар көп болгону менен чынына арасында лингвисттер абдан аз экен. Бул эми кезегинде Илимдер академиясы, Маданият, Билим берүү жана илим министрликтеринин кенебестигинен, өз милдеттерин так аткарбагандыгынан мамлекеттик тил мына ушундай абалга келип жеткен. Бул жерде башка улуттардын тилинин таасири эмес, өзүбүздүн кенебестигибиз, жоопкерчиликсиз мамилебиз күнөөлүү", — деди Осмоналиев.
Илимпоз мамлекеттик тилде туура жазып, сүйлөөнү жайылтууда маданият өкүлдөрүнөн тартып аткаминерлердин да жоопкерчилиги чоң экендигин, алар коомго үлгү болушу зарылдыгын кошумчалады.