Сокулукта туңгуч учкуч, согуш ардагери Касым Ормокоевге эстелик коюлду

Ормокоев Сталинградды коргоп баатырларча курман болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Сокулук районунун Жал айылында кыргыздан чыккан туңгуч учкуч, кыргыз авиациясынын түптөөчүлөрүнүн бири Касым Ормокоевдин эстелиги орнотулду.
1 / 3

Сокулук районунун Жал айылында кыргыздан чыккан туңгуч учкуч, кыргыз авиациясынын түптөөчүлөрүнүн бири Касым Ормокоевдин эстелиги орнотулду

2 / 3

Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1942-жылы 21-августта Сталинградды коргоо үчүн айыгышкан салгылашта курман болгон

3 / 3

Ормокоев башкарган легендарлуу "Ястреб" учагына снаряд тийип, аман каларына көзү жетпегендиктен өзү менен кошо душмандын жердеги топтолуп турган техникасын талкалай кеткен.

Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1942-жылы 21-августта Сталинградды коргоо үчүн айыгышкан салгылашта курман болгон. Ормокоев башкарган легендарлуу "Ястреб" учагына снаряд тийип, аман каларына көзү жетпегендиктен өзү менен кошо душмандын жердеги топтолуп турган техникасын талкалай кеткен.
"Мен толкунданып турам. Чоң атам кыргыздан чыккан эң алгачкы учкучтардын бири. Ал кыргыздардан да учкуч чыгарууга аракет кылган экен. Улуу Ата Мекендик согушта жанын аябай жеңишке сүрөгөн. Биздин бүгүнкү тынч жашообуз үчүн ардагерлерге карызбыз", — деди небереси Нуркалый Усупов.
Кыргызстандык учкуч 1915-жылы Чүй облусунун азыркы Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылында туулган. Москвадагы Авиациялык училищеге тапшырып, 1927-жылы аяктаган. Андан соң Фрунзеде Республикалык аэроклубда окуган.
Улуу Ата Мекендик согуштун 101 жаштагы ардагери Арзыгул Мамарасулов көз жумду