Эрдоган кыргызстандык куткаруучу менен элчиге жогорку сыйлык тапшырды. Видео

Зилзаладан кийин издөө-куткаруу иштерине көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан 170 куткаруучу барган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандык куткаруучу, ӨКМдин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркиянын "Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн" жогорку даражадагы мамлекеттик медалын тапшырды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Аны менен катар Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Ардак грамота ыйгарган.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде, Анкара шаарындагы Президенттик сарайда зилзаладан улам куткарууга жана кырсыктын кесепетин жоюуга олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болгон.
1 / 3

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандык куткаруучу, ӨКМдин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркиянын "Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн" жогорку даражадагы мамлекеттик медалын тапшырды

2 / 3

Аны менен катар Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Ардак грамота ыйгарган

3 / 3

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде, Анкара шаарындагы Президенттик сарайда зилзаладан улам куткарууга жана кырсыктын кесепетин жоюуга олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болгон.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана биринчи орун басары Азамат Мамбетов да катышты.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңда Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,4, тогуз сааттан кийин дагы 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Расмий маалымат боюнча, зилзаладан каза болгондордун саны 50 миңден ашты. Издөө-куткаруу иштерине көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан 170 куткаруучу барган. Алар Кахраманмараш жана Хатай шаарларына сегиз адамды куткарып, 198 кишинин сөөгүн алып чыгышкан.
Мындан тышкары, турак жайсыз калгандар баш калкалап турушу үчүн 120дан ашуун боз үй да жөнөтүлгөн. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө ылайыкталган талаа ооруканасы да берилген.
Заманабыз куурулганда "эркекпиз" деп кармандык. Түркияга барган куткаруучунун маеги