Пресс-борбор

Бишкектин 145 жылдыгын майрамдоо кандай өтөрү айтылды

Вице-мэр шаарда майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаанын 145 жылдыгын майрамдоо кандай өтөрүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтып берди.
Анын маалыматына караганда, апрель айында борбор калаага арналган бир нече иш-чара өтүүдө. Велосезон ачылып, спорттук таймаштар уюштурулду. Ошондой эле жаа атуу боюнча чеберлер көзгө атарлыгын сынап, окуучулар арасында "Сүйүктүү шаарым Бишкек" деген аталыштагы ар кыл сынактар өттү.
"Бир ай бою шаардын тарыхын, кандай болуп өнүккөндүгүн, заманбап Бишкек кантип түптөлгөндүгүн айтып берүүдөбүз", — деди вице-мэр.
Булардан сырткары төмөнкү иш-чаралар пландалган:
Бул аптада Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда балдарга чеберчиликти үйрөткөн иш-чара өтөт;
27-28-апрелде саат 18:00дө "Ынтымак" паркында концерт болот.
Мозгачева негизги майрамдоо 29-апрелге белгиленгендигин айтты.
Майрамдын расмий бөлүгү филармонияда өтүп, ага шаардын өнүгүшүнө салым кошкон кадырлуу адамдар, жаштар, шаардык активдер катышат. Кеч курун саат 18:00дө борбордук аянтта эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланат.
"Бул хореографиялык номерлер, ырларды аткаруу менен чектелбейт, шаардыктарды жагымдуу бир нече сюрприздер күтүп турат. Кечки майрамдоо көңүл ачуучу маанайда болуп, негизинен адатта жаштар келгендиктен аларга багытталган", — деди Мозгачева.
Баса, бул сапар салют атылбастыгы маалым болду. Борбордун юбилейине карата майдын аягында, июнь айынын башында "Наристе" деп аталган фольклордук эл аралык III фестиваль өтөт.
Бишкек кантип шаарга айланган? XIX-XX кылымдагы сүрөттөр