Бүгүнкү күндө Бишкектеги 2 560 микроавтобуска трекер орнотулду. Бул тууралуу Нурбек Сагынбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, каттамдарды онлайн көрүү — замандын талабы.
"Бишкек шаары боюнча жалпы 120дай кыймыл-чийме бар. 11 каттамда троллейбус, 84үндө микроавтобустар жана 13 каттамда кадимки автобустар жүрөт. Мындан сырткары, 11 каттамда Өзбекстандан келген кичи автобустар эл ташууда. Учурда бардык каттамдарга трекер орнотулду. Мунун баары муниципалитет тарабынан каржыланды. Жалпы 2 560 микроавтобуска трекер коюлуп, жыйынтыгында ар бир жүргүнчү "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинен маршруту аялдамасына канча убакытта келерин, багытын жана ошол учурда канча каттам бар экенин көрө алат. Мындай аракеттердин баары шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн көрүлүүдө. Анткени жумуштан кеч чыккандар автобус, маршрутка келбесе керек деп алган маянасынын көбүн такси кызматына жумшачу. Эми бул жагын эске алганда да акча үнөмдөөгө шарт түзүлдү", — деди директордун орун басары.
Ал Бишкек шаарынын тургундары "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин активдүү колдонуп жатканын кошумчалады.