БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Батыш дүйнөлүк үстөмдүк үчүн согуштун жаңы баскычына даярданып жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Аткаминер АКШга болгон сапарынын жыйынтыгы менен маалымат жыйын өткөргөн. Эскерте кетсек, БУУнун Коопсуздук кеңешине апрель ичи Россия төрагалык кылды.
"Дүйнөлүк үстөмдүктү сактап калуу үчүн согуштун жаңы баскычына даярдык жүрүп жатат. Бул көп полярдуу дүйнөнү түзүүнүн табигый процессин кечеңдетиши мүмкүн, бирок узакка созулбайт. Тарыхый көз караштан алып караганда андай болбой турганы анык", — деди Лавров.
Ал көп полярдуу дүйнөгө чыйыр салынганын белгиледи.
"Жыйынтыгында анын конфигурациясы кандай болорун билбейм. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында көптөр G-20 башкаруу механизминин прообразы болушу мүмкүн экени айтылды", — деди РФ министри.
Лавров үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу айткан батыш саясатчыларынын сөзүн да эске салды. Ал буга чейин АКШ президенти Жо Байден эгер Батыш Украинанын жеңишке жетүүсүнө жардам берсе, үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алууга болорун айтканын мисал келтирди.
Улуу Британиянын ошол кездеги премьер-министри Лиз Трасс "кызыл кнопканы" эч ойлонбой туруп басарын жар салган. Франция дагы өзөктүк куралы бар экенин айтса, Германия өзөктүк согушка даяр экенин билдирген.
"Мунун баары айтылганда биз өзөктүк согуш тууралуу дегеле ооз ачкан эмеспиз... Негизи эле ушул маселе көтөрүлө баштаганда баары Россияны көрсөтүшөт, биз дүйнөнү үчүнчү дүйнөлүк согушка баштап бараткан имишпиз. Ар ким өз оюндагысын айтат эмеспи. "Украина жеңилсе өзөктүк согуш чыгат" деп жаткандар акыры эсине келип, жоопкерчиликти сезет деп үмүт артам", — деди Лавров.