Транспорт министри Баткенде жол курууда кымырылган 40,8 млн. сом боюнча үн катты

Текебаев аныкталган иштер ал министрлик кызматка киришкенге чейин болгонун айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Баткенде жол курууда кымырылган 40,8 миллион сом боюнча үн катты.
Буга чейин Башкы прокуратура "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасын текшерип, Кадамжай — Чечме участогуна асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоодо жасалган коррупциялык иштерди аныктаган.
"Жогоруда аталган 40,8 миллион сом боюнча биз тергөө амалдарынын жыйынтыгын күтөбүз. Бул иш мен министрлик кызматка киришкенге чейин болгон экен. Ошентсе да көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз. Анын Ноокат жолун оңдоо иштерине тиешеси жок. "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасына аз убакыт мурда эле жаңы директор дайындаганбыз. Элдин ырыскысына кол салуу — кечирилгис күнөө! Коррупция менен болгон аёосуз күрөш уланат", — деди Текебаев.
Ошондой эле ал транспорт жана жол тармагындагы коррупциялык иштердин бетин ачуу боюнча укук коргоо органдары менен тыгыз иштешип жатканын кошумчалады.
Аны менен катар Текебаев Бишкек — Ош жолунун "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө постторуна видеобайкоо орнотулганын, жыйынтыгында биринчи кварталда былтыркыга салыштырмалуу акча чогултуу 49 пайызга өскөнүн белгиледи. Салмак-габариттик текшерүү пунктуларында дагы көзөмөл күчөп, түзүлгөн протоколдор жана айып пулдардын суммасы эки эсе көбөйгөнүн айтты.
300 тонна битум жок. Прокуратура "Кыргыз автожолдун" кызматкерлерине иш козгоду