БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 27-28-апрелинде Баткен шаарында "Кыргыз ажары Баткен килеминде" аттуу республикалык кароо-сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сынак кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, башка улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жандандыруу жана жаш чеберлерди улуттук кол өнөрчүлүккө кызыктыруу максатында өткөрүлөт.
"Түктүү килем", "Араб килем", "Таар килем" жана "Мурас килем" аталышындагы килемдерге түшүрүлгөн оюулар салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалганына карата сынакта бааланат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик калыстар курамында көркөм өнөр эксперттери, дизайнерлер, тарыхчылар, этнографтар, илим изилдөөчүлөр жана кол өнөрчүлөр болорун кошумчалады.
Суроолорго жооп алуу үчүн 0701337789 же 0312 88-69-33, 66-19-47 номерлери аркылуу байланышууга болот.