Баңгизатты жутуп, түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Сүрөт

Алынган гашиштин салмагы 30 граммды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Баңгизатты жутуп алып түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган курьер кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам кызматкерлер абактардын бирине келген мурда соттолгон Х.Ф. аттуу жарандын ашказанында баңгизат бар экенин аныкташкан. Андан соң ичинен медициналык шприцтердин цилиндринен жасалган үч контейнер гашишке окшош зат чыгарылган. Булардын жалпы салмагы 30 граммды түзгөн.
Аталган факт Эреже бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Бишкекте баңгизат саткан интернет-дүкөндүн башчысы кармалды. Видео