БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бүгүн Алматы шаарында күчтүү балбандар — кыргызстандык Акжол Махмудов менен россиялык Роман Власов беттешет.
Кечээ Poddubny Wrestling League (PWL) турниринин катышуучулары көз караштар таймашын өткөргөн.
Акжолду беттешке чыгар алдында спорттун жылдыздары Валентина Шевченко, Самат Абдрахманов, андан сырткары белгилүү ырчы Ulukmanapo колдоосун көрсөткөн.
Булардан сырткары PWL таймашына Кыргызстан менен Россиядан үчтөн, алты спортчу чыгып, күчтөрүн сынашат.
Килемде күч сынаша турган кыргызстандык, россиялык атаандаштар:
Акжол Махмудов — Роман Власов (Россия)
Тайирбек Жумашбек уулу — Абасгаджи Магомедов (Россия)
Жоламан Шаршенбеков — Динислам Бамматов (Россия)
Үзүр Жүсүпбеков — Артур Саргсян (Россия)
Poddubny Wrestling League (Поддубныйдын күрөш лигасы) — дүйнөдөгү ири спортчулардын эл аралык таймашы. 2022-жылы лиганын турнирлери үч ирет өткөн — Москвада эки, Бишкекте бир ирет уюштурулган.
Роман Власов — россиялык грек-рим күрөшү боюнча эң атактуу балбандардын бири, эки жолку Олимпиада чемпиону (2012, 2016), Европанын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Ал эми Акжол Махмудов дүйнө чемпиону, Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси. Бир жыл мурун балбандар Бишкекте беттешүүнү макулдашып, бирок Махмудовдун жаракатынан улам жолугушуу кийинкиге жылдырылган болчу.